Жээнбеков Италиянын президентине көңүл айтты

Жээнбеков Италиянын президентине көңүл айтты
15-Авг. 2018, Шаршемби, 14:45

Президент Сооронбай Жээнбеков Италиянын президенти Серджо Маттареллага Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктан улам көп сандагы адамдар каза болуп жана жабыркагандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кайтыш болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Айта кетсек, Италиянын түндүк-батышындагы Генуя шаарында жергиликтүү убакыт боюнча 11:30 да аталган шаардагы Моранди көпүрөсүнүн 200 метрге созулган борбордук бөлүгү урап түшкөн. Анын натыйжадасын көпүрөдөн өтүп бараткан ондогон автоунаа урандылар алдында калган. Кырсыктын айын курман болгондор саны отуздан ашканын жана алардын ичинде жаш балдар да бар экенин Ички иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазууда.

Моранди көпүрөсү 1960-жылдары курулган. Жер ортолук деңизинин жээгин бойлогон бул жол Генуянын эки районун - Сампьерден менен Корнильянону бириктирип турат. Моранди көпүрөсү үйлөрдүн, темир жолдун үстүнөн өтөт. Көпүрөнүн бийиктиги 45 метр жана анын узундугу 1182 метрди түзөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!