Каналга түшүп кеткен эки баланы 51 адам издеп жатат

Каналга түшүп кеткен эки баланы 51 адам издеп жатат
15-Авг. 2018, Шаршемби, 14:53

Ак-Суу районунда каналга түшүп кеткен 2 баланы издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы каналга 2 бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине Ак-Суу райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМнен 31 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылган. Учурда каналга түшүп кеткен эки баланын аты-жөндөрү такталууда

Ошондой эле 14-августта Папан суу сактагычына чөгүп кеткен 38 жаштагы жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Жалпы 14 куткаруучу тартылган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!