Ноокенде чек арачыларга жаңы имарат ачылды

Ноокенде чек арачыларга жаңы имарат ачылды
15-Авг. 2018, Шаршемби, 15:49

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027-аскер бөлүгүнүн «Шамалды-Сай» чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө чек арачылар талыкпаган кызматы менен элибиздин бейкут жашоосун, тынчтыгын, Кыргызстандын чек араларынын бекемдигин камсыз кылып жаткандыгын белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.

“Азыркы күндө Кыргызстандын чек араларын бекем, кыраакылык менен коргоо - эң маанилүү маселе деп эсептейм. Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан азыркы мезгилде чек араны бекем коргоодон өтөөр милдет да, кызмат да жок”, -деп баса белгиледи Жээнбеков.

Президент чек арачылардын социалдык маселесин чечүү багытында да бир топ жылыштар бар экендигин баса белгилеп, чек арачылар үчүн турак-жай, инфраструктура курулуп жатат, бул иш мындан ары да улантыла берет деп ишендирди.

Мамлекет башчысы чек арачыларды жаңы комплекстин ачылышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, кызматтарына ийгиликтерди каалап, 250 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Жаңы комплексти кыдырып чыгып президент чек арачылар менен бирге жоокердин тамагынан ооз тийди, чек арачынын үй-бүлөсү менен чай ичип, жергиликтүү жашоочулар менен аңгемелешти.

Айта кетсек, Модулдук имараттардын заманбап комплекси чек аранын тапшырылган участогунда иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон баардык инфраструктуранын элементтерин камтыйт. “Шамалды-Сай” чек ара заставасынын курулушу жана жабдылышы ЕАЭСке кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Кыргызстан менен Россиянын Өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде жүргүзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
Цукерберг
Цукерберг "Iphone" колдонгонго тыюу салды
Бишкек-Ош  жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди"
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
​Кадыров беш жаштагы спортчуга
​Кадыров беш жаштагы спортчуга "Mercedes" белек кылды(видео)
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
 «Instagram”  бир саамга иштебей калдыбы?
«Instagram” бир саамга иштебей калдыбы?
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
"Бишкек мен сени сүйөм" инсталляциясын ким сындырганы аныкталды
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты