16-август: тоо кыркаларда өткүн өтөт

16-август: тоо кыркаларда өткүн өтөт
15-Авг. 2018, Шаршемби, 16:59

16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Талас аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн : +12…+17, күндүз +22…+27;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градуска жетет.

Ал эми 17-18-августтарда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!