Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтү эки айга узартылды

Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтү эки айга узартылды
15-Авг. 2018, Шаршемби, 17:01

Москва шаарынан жөө жүрүүчүлөрдү коюп кеткен Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтү дагы эки айга, 16-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Тверь райондук соту кабыл алды. Анарбек уулуна карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 264-берененин 1-бөлүмү (жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен кылмыш иш козголгон.

Айта кетсек, окуя 16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндө болгон. Анда кырсыкка Мексиканын 2, Украинанын 1 жараны жана дагы 5 жергиликтүү тургундар кабылышкан. Чынгыздын айтымында, кырсык болгонго чейин ал эки күн уктабагандыктан, уйку-соодо адашып тормоздун ордуна газды тээп алган. Кылмыш иши жол кыймылынын жана транспорт каражатын башкаруу эрежесин бузгандыгы боюнча козголгон. Таксист өз күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнгөнүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР