20-август эс алуу күнү катары жарыяланды

20-август эс алуу күнү катары жарыяланды
15-Авг. 2018, Шаршемби, 17:29

20-августу республикада эс алуу күнү катары жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон..

Бул чечим 2018-жылы эс алуу жана жумуш эмес күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максаттарында кабыл алынган.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, беш күндүк иш жумасы менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 22-сентябрдагы эс алуу күнү 20-августка которулсун. Беш күндүк иш жумалагы менен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 22-сентябрдагы эс алуу күнү 20-августка которуу сунушталсын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!