Мамлекеттик органдардын маалымат базасы иштелип чыгат

Мамлекеттик органдардын маалымат базасы иштелип чыгат
16-Авг. 2018, Бейшемби, 10:50

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна кошулуусу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

Өкмөт башчы белгилегендей, апрель айында «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө «Түндүк» интернет-сайты иштелип чыккан, анда тутум катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алат. Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу планынын долбоору иштелип чыгып, макулдашылган. План долбоорунда 24 мамлекеттик органдын 76 биринчи кезектеги маалымат базасы аныкталган, анда «Түндүк» тутумундагы маалыматтар базасынын иштеп баштоо мөөнөтү көрсөтүлгөн», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы министрлик жана ведомстволордун ар бир жетекчиси коюлган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алаарына басым жасады.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик тейлөөлөрдүн айрымдары өз актуалдуулугун жоготкондугун эске алуу менен аларды интвентаризациялоодон өткөрүү зарыл.

Учурда 360 мамлекеттик тейлөө бар. Бул тизменин ичинен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тараптан 2017-жылдын июль айында Электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталына киргизилүүчү 191 тейлөөнүн түрү аныкталган», – деди Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, министрлик жана ведомстволордо айрым маалымат базалары бар, аларды толуктоо гана керек. Бул сыяктуу мамлекеттик органдар үчүн аткаруу мөөнөтү 2018-жыл деп көрсөтүлгөн. Башка ведомстволордо маалымат базаларын иштеп чыгууну «нөлдөн» баштоо керек, же ал иштелип чыгууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!