Жээнбеков: "Аймактарды өнүктүрүп, өлкөнү көтөрөбүз"

Жээнбеков:
16-Авг. 2018, Бейшемби, 11:22

Жакынкы 5 жылдын аралыгында Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуп, жолугушуу үч сааттан ашуун созулган.

Президент тышкы саясатка кыскача токтолуп, Россия Федерациясына, Белоруссияга, Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Түркияга, Евросоюздун институттарына, Кытайга жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

“Сентябрдын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мырзаны расмий визит менен күтүп жатабыз. Эрдоган коңшулаш мамлекеттердин башчылары менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат деп болжолдонууда”,- деп баса белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө региондорду өнүктүрүүгө басым жасап, кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын экспорттоо, фермерлерди жеткиликтүү кредиттер менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардан болуп саналаарын белгиледи.

Атап айтканда Жээнбеков аймактарда сүттү, этти жана терини кайра иштетүүчү ишканалар курулаарын баса белгиледи.

“Биз кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган мына ушул бардык пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин түпкү максатыбыз ички жана тышкы миграцияны кыскартуу, калкты жумушчу орундар менен камсыз кылуу”, -деп баса белгиледи Жээнбеков.

Президент калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында калктуу пункттарда суу обьектилери курулуп, ремонттолуп, пайдаланууга берилет. Ал эми жакынкы 5 жылдын аралыгында Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот деп белгиледи.

Ошону менен бирге ирригацияны өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу актуалдуу милдеттерден болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР