Маркум Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди

Маркум Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди
16-Авг. 2018, Бейшемби, 11:49

Бүгүн, 16-августта Бишкекте белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

КТРКнын имаратынын алдына маркум менен коштошууга үй-бүлөсү, жакындары, күйөрмандары жана белгилүү инсандар келишти.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Салтанат Саматова ар бирибиздин жүрөгүбүздө калат”,- деп эскерди.

Маркумдун кесиптеши, Эркин Рыскулбеков "Өзү рак менен ооруса дагы, онкологиялык оору менен ооруган балдарга жардамын берчү",-деп белгилеп өттү.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков: "Салтанат Саматованын иши бизге өрнөк болуп калат. Кийинки муунга чоң сабак болот. Салтанат эженин жакындарына жалпы жааматыбыздын атынан көңүл айтам. Өтө жаш кетти, калган жашын балдарына берсин, жакындарына көңүл айтам",-деди Карыпбеков.

"1996-жылы Салтанат Саматованы радиого ишке алганбыз. Салтанат радиого башкача көрк берди. Анын үнү, интеллекти угармандарын артынан ээрчитти. Ооруганын эч бир билдирген жок. Анын жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маектеринде эмгек жолун Кыргыз радиосунан баштагам дегени жүрөк жылытарлык болчу. Салтанат, жарыгым, сендей шакирттерибиз менен сыймыктанабыз. Чоң иштерди жасап кеттиң. Жакындарына көңүл айтам",-деди КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова.

Маркумдун атасы Орозбек Түгөлбаев: "Кызымдын кесиптештери, жакындары баарыңыздарга рахмат айтам. Биз кандай кайгырып жатсак, силер дагы ошондой кайгыга баттыңар. Эфирден, радиодон Сакиним тууралуу көп маалымат берилип жатты. Ошонун барын көрүп, кызым менин эле эмес элдин кызы болгон турбайбы деп калдым. Кызым асмандагы ак жылдыздай жанбай, жаман эле кыз болсо ушундай ооруга чалдыкпайт беле деп ойлойм. Рак менен ооруганын теледен айтып чыгып жүрдү. Ошондо "айтпай жүрсөңчү кызым" десем "ата, бул ооруну укканда башкалар мүңгүрөбөй жашасын деп айтып жатам" дечү эле. Онкологиялык оорулар менен ооруган балдарга канча жардам кылды. Китеп которуп бер деп мага келгенде 3 китеп которгон элем. Салтанатым бизге кантип жашаганды үйрөттү. Баламдын бейишин берсин".


Салтанат Саматова деген ысым кыргыз элинин эсинде калмакчы. Бүгүн маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, алып баруучу, тамада, ди-джей, телевидениенин отличниги Салтанат Саматова 15-августка караган түнү саат 1:30 чамасында 46 жашында дүйнөдөн кайтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды