Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык жыйыны болот

Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык жыйыны болот
16-Авг. 2018, Бейшемби, 12:08

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-17-августта Казакстандын Астана шаарында өтө турган Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн башталчу жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстанстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Ошону менен бирге өкмөт башчы Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!