Аймактык милиция бөлүмдөрү колдоого алынат

Аймактык милиция бөлүмдөрү колдоого алынат
16-Авг. 2018, Бейшемби, 15:11

Эл менен милициянын биримдигин арттыруу максатында ИИМдин борбордук аппаратынын штаттык эсебине оптимизациялоо жүргүзүлүп, 625 штаттык бирдик айылдык милициянын бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында мындай комплекстүү иш-чаралар аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүрүп жатат.

“2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы болуп эсептелинет. Ошонун негизинде Ички иштер министрлиги жер-жерлердеги аймактык милиция бөлүмдөрүн чыңдоо, коомчулуктун талабын эске алуу менен элдин ишенимине кирүү максатында милиция бөлүмдөрүн чыңдоо позициясын колго алып жатабыз. Биздин ИИМ министри Кашкар Жунушалиев бардык райондорду кыдырып чыккан. Жер-жерлерге барып жергиликтүүү милициянын акыбалы, көйгөйлөрү менен таанышып, ошонун негизинде бүгүнкү күндө президенттин, өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгын колдоо максатында ушундай чечимдерге барды. ИИМдин, ИИБнын борбордук аппаратарынын штаттык бирдиктерин кыскартуу менен жалпы жолунан 625 штаттык кызматкерге кыскарды. Анын ичинен 34 жетектөөчүлүк кызматттык орундар, тактап айтканда ИИМдин аппатарытынан 20 , ИИИБ-ИИБден 14 кызмат орундары кыскартылды. Бүгүнкү күндө эң негизги маселе аймактык тескөөчүлөрдү көбөйтүү. 100 штаттык бирдикти аймактык тескөөчүлөргө бердик”, - деди ал өз сөзүндө.

Ал ошондой эле 25 штаттык бирдик жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөргө, нөөмөт бөлүктөрүн чыңдоого 45 штаттык бирдик берилерин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!