Премьер-министр Астана шаарына барды

Премьер-министр Астана шаарына барды
16-Авг. 2018, Бейшемби, 15:44

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-августта, кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Мухаммедкалый Абылгазиев – Премьер-министр;

Жеңиш Разаков– вице-премьер-министр;

Олег Панкратов – экономика министри;

Жамшитбек Калилов – транспорт жана жолдор министри;

Уларбек Шаршеев – Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Калысбек Жумаканов – Өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору;

Динара Кемелова– тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Айбек Айдарбеков – Өкмөт Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Алмаз Сазбаков– Өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү;

Азамат Оморов – Өкмөт Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү бөлүмүнүн башчысы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!