ЕАЭБдин артыкчылыктарын пайдаланууга чакырышты

 ЕАЭБдин артыкчылыктарын пайдаланууга чакырышты
16-Авг. 2018, Бейшемби, 16:24

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-августта Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Кооперативдин ишмердиги тууралуу маалыматты анын жетекчиси Хамидулло Тажибаев айтып берди.

«Өлкөнүн айыл чарба сектору зор мүмкүнчүлүктөргө ээ, анткени дүйнөлүк рынокто көп суроо-талап кылынган экологиялык таза азык-түлүк менен Кыргызстан ЕАЭБтин, Кытайдын жана Евро союздун рынокторун ВСП+тун алкагында камсыз кыла алат. Ички бардык финансылык институттар, алсак Кепилдик фонду, Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду, мамлекеттик банктар региондорго өзгөчө басым жасоо менен иштеп жатышат», — деп баса белгиледи Жээнбеков.


Ал «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга жакында эле кол койгондугун эске салып, Мыйзам кооперативдердин ишин жакшыртууга, ошондой эле ички карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды жоюуга багытталганын айтты.

Тажибаев Мамлекет башчысына пахта талаасын көрсөтүп, өлкөнүн айыл чарба тармагынын келечеги жөнүндө маек курушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков дыйканга мол түшүм алышын каалап, эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!