Эгизбаевдин өлүмү боюнча эспертизанын жыйынтыгы чыкты

Эгизбаевдин өлүмү боюнча эспертизанын жыйынтыгы чыкты
16-Авг. 2018, Бейшемби, 18:25

Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты.

Бул тууралуу улан Эгизбаевдин жакын досу Каниет Жыргалбеков "ZAMAN Кыргызстан" маалымат агенттигине кабарлады. Маалыматка караганда, экспертиза "Эгизбаев сууга чөгүп өлдү" деген жыйынтык чыгарган. Каниет Жыргалбеков жакынкы күндөрү видеоматериал боюнча да экспертизанын чыгышы күтүлүп жатканын кошумчалады. Ал эми Эгизбаевдин өлүмүн иликтеп жаткан тергөөчү Сүйүнбек Муңайтпасов “Азаттыкка” ашказанынан уулануунун белгилери аныкталбагандыгын жана бутундагы тактар боюнча экспертиза “маркум каза болгондон кийин пайда болгон” деп билдирди. Мындан сырткары ИИМдин өкүлү экспертизанын жыйынтыгы талданаарын, тергөө иштери уланып, бардык маалыматтар каралып чыгарын кошумчалады.

Белгилей кетчү жагдай, коомчулукта “Улан Эгизбаев көлгө чөгүп каза болду” дегенге ишенбегендер арбын.

Курч иликтөөлөрдү жасаган журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин аяктаган. 2015-жылы БГУда саясат таануу багыты боюнча магистратураны бүтүргөн. Улан Эгизбаев болгону 28 жашта эле. Артында ата-энеси, кош бойлуу жубайы калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!