Абылгазиев IT-стартап технопаркына барды

Абылгазиев IT-стартап технопаркына барды
17-Авг. 2018, Жума, 10:11

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 16-августта, Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркына жана «Нур Алем» павильонуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев аталган объектилердин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Атап айтканда, «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркы АКШдагы Кремний өрөөнүнүн Казакстандагы аналогу болуп саналат. Ал 9,6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан. Анда дарс залдары, лабораториялар, конференц-залдар, digital-компаниялардын кеңселери бар.

Андан соң өкмөт башчы «Нур Алем» павильонунун экспозициясы менен таанышты. Ал «Expo 2017 Astana» көргөзмөсү ачылганга чейин эле кеңири таанымал болгон.

Белгилей кетсек, «Нур Алем» павильону Казакстандагы биринчи технологиялык келечектеги энергия музейи болуп саналат жана 8 кабаттан турат.
Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев казакстандык жаш IT-адистери менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө алар өз эмгектерин сунуштап жана Казакстанда ишке ашырылган инновациялык долбоорлор тууралуу айтып беришти.

Абылгазиев өз тарабынан жаш адистерди Кыргызстанга келип, кыргыз кесиптештери менен тажрыйба алмашууга чакырды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!