«Ачык асман алдындагы музыкалык кече» өткөрүлөт

«Ачык асман алдындагы музыкалык кече» өткөрүлөт
17-Авг. 2018, Жума, 10:26

17-августта «Ачык асман алдындагы музыкалык кече» өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлады.

Мэриянын Маданият башкармалыгынын билдирүүсү боюнча Ю. Фучик атындагы сейил бакта концерттик кече саат 19:00дөн 21:00гө чейин созулат.

Концерттик программа эстрада ырчыларынын жана “Доор” фольклордук ансамблинин коштоосунда өтүп, эл артисттери Каныкей Раймалиева, Фарида Омурзакова, Жылдыз Тутуева, Кымбат Самудинова, Аксай Мукамбет уулу жана башка аткаруучулар шаар тургундарына жана меймандарына жагымдуу маанай туртуулашат. Ошондой эле мэриянын оркестри дирижер, КРдин эл артисти Элис Шаршенбаевдин жетектөөсү менен коноктордун алдына чыгат.

Кирүү акысыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!