Астанада Чыңгыз Айтматов көчөсү расмий ачылды

Астанада Чыңгыз Айтматов көчөсү расмий ачылды
17-Авг. 2018, Жума, 10:44

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 16-августта Казакстандын Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев катышты.

Абылгазиев белгилегендей, Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине белгилүү кыргыз жазуучусунун атынын ыйгарылышы казак эли жана Нурсултан Назарбаев башында турган Казакстандын жетекчилиги тарабынан Чыңгыз Айтматовдун элесине терең сый урмат көрсөтүүсү катары саналат.

Өкмөт башчы ошондой эле Казакстандын жетекчилигин жана Борбор Азиядагы алдыңкы жана кооз шаарлардын бири эсептелген Астананын тургундарын калаанын негизделгендигине 20 жыл толушу менен куттуктады.

Өз кезегинде премьер-министр Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылышы эки боордош өлкөнүн ортосундагы маданий жана руханий байланыштарды бекемдөөгө дагы зор салымын кошот.

Андан соң эки өлкөнүн Өкмөт башчылары Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн декоративдик тактасын ачышты.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы көчө жалпы маанидеги магистралдык көчө, 8 кыймыл тилкеси бар. Ал Астананын тарыхый бөлүгүн жаңы конуштар аймагы менен бириктирип турат. Көчөнүн жалпы узундугу 2020-жылга карата 7,2 чакырымды түзмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!