Дайынсыз кеткен эки өспүрүм кыз изделүүдө

Дайынсыз кеткен эки өспүрүм кыз изделүүдө
17-Авг. 2018, Жума, 13:04

Чүйдө үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген эки өспүрүм кыз эки жумадан бери изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-август күнү Аламүдүн районунун Ак-Тилек конушунун тургундары 15 жаштагы Бегимай Ахматалиева жана 13 жаштагы Аземгүл Койлубаева үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон азыркы күнгө чейин кайтып келишкен эмес.

Жогорудагы аталган өспүрүм кыздар боюнча кандайдыр бир маалыматтар же көргөн-билгендер болсо 0 (312) 36-35-27, 0 (550) 51-09-05, 0 (700) 20-96-66 же 102 номерине чалсаңыздар болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!