Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болду

Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болду
17-Авг. 2018, Жума, 15:15

Досалы Эсеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппарттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта президентик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин Досалы Эсеналиев президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген. Ал бул кызматка үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде дайындалган.

Айта кетсек, Эсеналиев Досалы Акпаралиевич, 1965-жылы 11-апрелде туулган.

Туулган жери - Ала-Бука району, Көк-Серек айылы.

1990-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых жана коом таануу багыты боюнча бүтүргөн.

1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Тарых" бөлүмүнөн аспирантураны аяктаган.

Эмгек жолу :

1999-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын маалымат кызматынын эксперти;

2001-2008-жылдары - Бүткүл дүйнөлүк банктын "Жакырчылыкты жоюунун стратегиясынын институционалдык колдоо" долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси;

2003-2008-жылдары - президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдары - президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары;

2009-2010-жылдары - президенттик аппараттын Жогорку Кеңеш менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;

2010-2012-жылдары - "Республика" партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы;

2014-жылдан баштап "Бир Бол" партиясынын аткаруу комитетинин башчысы;

2016-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!