Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
17-Авг. 2018, Жума, 16:07

Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

- Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөн. Абдан көп иш аракеттер, тергөө амалдары жүргүзүлдү. Андан тышкары соттук медициналык корутундуну алганбыз. Улан Эгизбаевдин өлүмүнүн себеби “сууга чөгүү” деп аныкталган. Бүгүн Пансионаттын администрациясынын жана куткаруучулардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш - жаза кодексинин 258-беренеси (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иши тергелип бүткөндөн кийин аларга юридикалык баа берилет.

Ошондой эле ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов: “Экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ошонун негизинде материалдардын баары тергөө тобуна берилген. Алар дагы карап туруп кылмыш иши козголду. Эгерде коопсуздук эрежелери сакталганда балким мындай иштер болгон эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө үч куткаруучу болгону аныкталды, алардын экөөсү эс алып жатса бирөө күзөттө турмак. Ал дагы кетип калган. Кийин чалгандан кийин төрт мүнөттөн кийин келген”, - деп кошумчалады ал.

Экспертиза Улан Эгизбаевдин бутундагы тактар анын өлүмүнөн кийин пайда болгонун жана ашказанын текшергенде уулу заттар табылбаганын билдирди.

Белгилей кетчү жагдай, коомчулукта “Улан Эгизбаев көлгө чөгүп каза болду” дегенге ишенбегендер арбын.

Курч иликтөөлөрдү жасаган журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин аяктаган. 2015-жылы БГУда саясат таануу багыты боюнча магистратураны бүтүргөн. Улан Эгизбаев болгону 28 жашта эле. Артында ата-энеси, кош бойлуу жубайы калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!