Президент теолог Кадыр Маликовду кабыл алды

Президент теолог Кадыр Маликовду кабыл алды
17-Авг. 2018, Жума, 17:11

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун 19-июлдагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Кадыр Маликов көтөргөн маселелер боюнча маектешүү болду.

Тактап айтканда, мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду.

«Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, поликонфессионалдуу коомдун иштөөсү үчүн көп иштер жасалып жатат», — деп белгиледи теология адиси.

Президент диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырылаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи.

Жолугушууда исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!