18-август: айрым жерлерде жаан жаайт

18-август: айрым жерлерде жаан жаайт
17-Авг. 2018, Жума, 17:36

18-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;

Талас аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн : +12…+17, күндүз +22…+27;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градуска жетет.

Ал эми 19-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 19-августта күндүз жана 20-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9
метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!