Калп милиционер кармалды (фото)

Калп милиционер кармалды (фото)
18-Авг. 2018, Ишемби, 10:38

Жабырлануучунун 1 000 АКШ долларын алып изин жашырып качып кеткен “калп милиционер” кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жакында эле ИИМдин Криминалдык милиция кызматына 29 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, «Жаныбек» аттуу чала таанышы алдоо жолу менен ишенимине кирип, ири суммадагы акча каражатын алып, изин жашырып качып кеткендигин билдирген.
Өзүн милиция кызматкери катары өзүн тааныштырган жаран жабырлануучунун көйгөйүн чечип берем деп ишенимине кирип, өз жардамын берүү үчүн 1 000 АКШ долларын сурап, колуна алгандан кийин изин жашырып качып кеткен.
Жогорудагы факты боюнча ушул жылдын август айында Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (алдамчылык) кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1989-жылы туулган Кенжекараев Жаныбек кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлерине өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында алдамчылык менен алектенип жүргөндүгү маалым болгон. Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.
ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгы жогорудагы жарандан жабыркагандар жана ал боюнча маалымат билгендер бар болсо төмөнкү номурлар аркылуу байланышууңарды суранат: 266321, 0555365001, 0701758575.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!