ИИМ: Президентке тийишкен жаран кармалды (видео)

ИИМ: Президентке тийишкен жаран кармалды (видео)
18-Авг. 2018, Ишемби, 14:12

Президент Сооронбай Жээнбековдун кадыр-баркына шек келтирген жана мазактаган сөздөр менен сүйлөп, маңзат менен алектенүүгө уруксат сураган видеодогу “Улан” аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай видео 17-августта социалдык тармактарда тарап кеткен.

Такталган маалыматтар боюнча, видео тараган соң ИИМ менен УКМК кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 17-август күнү саат 22:00 чамасында Бостери айылынын «Ривьера» пансионатына жакын аймакта Бишкектин 28 жаштагы тургуну Улан Азис уулу кармаган. Кармоо учурунда аталган жарандын жанынан 20 грамм наркотикалык зат табылган. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Уландын ата-энеси ИИМ кызматына психоневрологиялык диспансерде каттоодо турарын кабарлаган.

Шектүү жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Маңзат же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") боюнча кылмыш иши козголуп, анын шериктерин кармоо аракеттери көрүлүүдө.

Улан Азис уулунун президенттен кечирим сураган видеосу чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!