Суракматовдун сегиз талабы (видео)

Суракматовдун сегиз талабы (видео)
22-Авг. 2018, Шаршемби, 09:40
Жаңыдан кызматка кирише баштаган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, райондордун акимдерин, мэриянын түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн башчыларын чогултуп жыйын өткөрүп, резонанстуу иштердин чечилишин катуу талап кылыптыр.

Суракматовдун сегиз талабы:

- Фучик паркындагы мыйзамсыз менчикке берилип кеткен парктын жерлерин муниципалитетке кайтаруу иштерин карап чыгуу ыкчам жүргүзүлсүн;

- Ар бир жаңы конушка жаңы гүл бакча, сейил бактарды куруу үчүн долбоорлор иштелип чыгып, жаңы конуштардагы оңдоло турган кѳчѳлѳрдүн схемасын даярдалсын;

- Түрк элчилигине кайрылып, түрк элинин улуу лидери Мустафа Кемал Ата-Түрктүн атындагы сейил бакка бѳлүнгѳн каражатты тез арады колдонуп, паркты кѳрктѳндүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлсүн;

- Азербайджан Республикасынын үчүнчү президенти Гейдар Алиевдин атындагы парк үчүн берилген жерге, сейил бак гана курулуусу керек. Азербайджандын улуу мууну ѳздѳрүнүн лидерин колдоп, парктын куруусуна кѳңүл бурат деген ишеничтебиз;

- Борбордогу оңдоло турган парктарды кѳрктѳндүрүүдѳ, курууда бардык шарттарды түзүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулсун, борбордогу кароосуз калган парктарды тематикасына жараша оңдоп чыгуу талап кылынат;

- Мэриянын кызматтары бизнес ѳкүлдѳрү менен биргеликте парктарды, гүл бакчаларды оңдоп, куруп, чоң ишканаларга ѳздѳрүнѳ жакын жайгашкан парктарга кѳмѳк кѳрсѳтүүлѳрү үчүн бирге тыгыз кызматташуусу зарыл;

- Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын 200 км ге жакын капиталдык оңдоону талап кылган кѳчѳлѳрү оңдолуп, кум, шагыл тѳгүлүп, бекемделиши, сапатына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулушу керек;

- А.Токомбаев кѳчѳсүнүн Совет кѳчѳсүнѳн Бах кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүнѳ веложол куруу менен ѳркүндѳтүү керек. Веложолду кенен, жарыктандыруу, жашылдандыруу элементтер менен куруу абзел.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы тез арада аныкталышы керектигин билдирип, жогоруда көтөрүлгөн маселелердин тез арада аткарылышын жана өзгөчө көзөмөлгө алынышын талап кылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Хроника

8-августта Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов шайланган. Кезексиз жыйынга чогулган шаардык кеңештеги 44 депутаттын 43ү Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир гана депутат каршы добуш берген. 1-августта Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Азиз Суракматовду мэриянын эмгек жамаатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырган.


47 жаштагы Азиз Суракматовдун инженер-куруучу жана юрист адистиги боюнча билими бар. Ал “БишкекБашкыАрхитектурада” инженердик кызматтан баштап, 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, ал эми 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңешке “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, мурунку мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин кабыл алышкан.

Ал эми 19-июлда ал кылмышка шектүү катары камакка алынып, башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген. Ага карата, «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузуу иштерине байланыштуу 2018-жылдын 28-майында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана көрсөтүү") 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!