Кыргыз-кытай чек арасы 5 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы 5 күнгө жабылат
22-Авг. 2018, Шаршемби, 10:24

Бүгүн, 22-августтан 26-августка чейин «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттары 5 күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кытай-кыргыз чек арасында жайгашкан өткөрмө пункттарда 27-августтан тарта каттамдар кайра жүргүзүлө баштайт.

Мындай чечим Кытай тараптын сунушунан кийин кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!