Жээнбеков иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Жээнбеков иш сапар менен Түркмөнстанга барат
22-Авг. 2018, Шаршемби, 12:06

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда. Сапардын алкагында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун тар жана кенен форматтагы жолугушуусу болот. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектеги пландар талкууланат.

Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Айта кетсек, мамлекеттик визит эртең, 23-августта болот. Президент Сооронбай Жээнбеков сыйлуу конок катары Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү-Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!