Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ачылды (фото)

Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ачылды (фото)
22-Авг. 2018, Шаршемби, 12:24

Айтматов проспектисинин Бөкөнбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоо иштери бүткөндүгүнө байланыштуу унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автоунаа жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылды.

“Капиталдык курулуш” башкармалыгы билдиргендей, жол оңдоо иштери Ахунбаев жана Горький көчөлөрүндө жарым-жартылай асфальт төшөлүп, иш кызуу уланууда. Ошондой эле Айтматов проспектисинде Жибек жолу жана Семетей көчөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүндө жол оңдоо иштери аяктоо баскычында турат.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!