Түркмөнстандан Кыргызстанга мунайзат ташып келишеби?​

Түркмөнстандан Кыргызстанга мунайзат ташып келишеби?​
22-Авг. 2018, Шаршемби, 12:25

Түркмөнстандан Кыргызстанга мунайзатын ташып келүү боюнча маселе көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстанга мунайзатын ташып келүү боюнча маселе көтөрүлөт. Бул маселе боюнча тийиштүү документтер даярдалган.

Айта кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аталган өлкөгө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен эртең, 23-августта барат. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков сыйлуу конок каэртең, 23-августта болоттары Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү-Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!