Түркмөнстанда кандай документтерге кол коюлат?

Түркмөнстанда кандай документтерге кол коюлат?
22-Авг. 2018, Шаршемби, 13:59

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга күтүлүп жаткан сапарынын алкагында маанилүү саясий документтерге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусунда эң маанилүү документ катары бул Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларация кабыл алынат. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болот жана эки жактуу алакалардын жаңы барагын ачат.

“Ошондой эле 10го жакын өкмөттөр аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө”, - дейт Сыдыков.

Айта кетсек, мамлекеттик визит эртең, 23-августта болот. Президент Сооронбай Жээнбеков сыйлуу конок катары Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү-Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!