Токмоктогу тилсиз жоо 2 наристенин өмүрүн алды (фото)

Токмоктогу тилсиз жоо 2 наристенин өмүрүн алды (фото)
22-Авг. 2018, Шаршемби, 14:25

Токмок шаарында тилсиз жоодон 2 наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Эки жаш баланын өлүмү менен коштолгон кырсык 21-август күнү саат 10:08 чамасында Токмок шаарынын Ибраимова көчөсүнүн № 51 дарегинде катталган. Жалпы аянты 95 чарчы метр турак үйдүн эки бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен 2013-жылы туулган Р. уулу Х. жана 2015-жылы туулган Р. уулу Н. каза тапкан. Өрттү өчүрүүгө аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 11:07де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгышынын болжолдуу себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!