Тарых музейинин ачылыш мөөнөтү жылдырылды

Тарых музейинин ачылыш мөөнөтү  жылдырылды
22-Авг. 2018, Шаршемби, 17:05

Тарых музейинин ачылыш мөөнөтүү жылдырылды. Бул тууралуу Маданият, туризм жана маалымат министрлигинен билдиришти.

Тарых музейи качан ачыла турганы азырынча белгисиз. Айта кетсек, буга чейин тарых музейинин ачылышы алгач мартта болмок, бирок ремонттук иштер аягына чыкпагандыктан, 30-августка жылдырылган. Учурда оңдоо жумуштары дагы эле жүрүп жаткандыктан, музейдин ачылышынын так күнү белгисиз убакытка калтырылды.

Эскерте кетсек, оңдоо иштери 2016-жылдын март айында башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!