Бажы кызматы электр блокторун кармады

Бажы кызматы электр блокторун кармады
22-Авг. 2018, Шаршемби, 17:54

Аткезчилик жолу менен ташылып келинген электр блоктору кармалды. Бул тууралуу Мамлкеттик бажы кызматы кабарлады.

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында автотранспорт каражатынан тариздөө үчүн бажыга документтери берилбеген 150 даана электр блоктору табылган. Кармалган товардын жалпы суммасы 1 022 796 сомду түзөт.

Бул товар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз алынып өткөн.

Жогорудагы факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Нарын шаардык Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!