Жети миллион сомдон ашык акча которулду

Жети миллион сомдон ашык акча которулду
23-Авг. 2018, Бейшемби, 10:00

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 миллион 410 миң 504 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мурда ЭККМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 143 миллион 377 миң 228 сом которгон эле.

Бирдиктүү депозиттик эсепке ЭККМК которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 150 миллион 787 миң 732 сомду түздү.
Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!