Жээнбеков Түркмөнстанга учуп кетти

Жээнбеков Түркмөнстанга учуп кетти
23-Авг. 2018, Бейшемби, 10:17

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!