Өкмөт Матраимов боюнча сот чечимине арызданды

Өкмөт Матраимов боюнча сот чечимине арызданды
23-Авг. 2018, Бейшемби, 10:42

Кыргыз Өкмөтү Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук чечимине каршы доо арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу кечээ, 22-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Доо арыз 17-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аркылуу Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык берилген.

Белгилей кетсек. мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Матраимов "Мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!