Жээнбеков иш сапар менен Ашхабад шаарына барды

 Жээнбеков иш сапар менен Ашхабад шаарына барды
23-Авг. 2018, Бейшемби, 10:50

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

«Ашхабад» шаарынын эл аралык аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышты.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
Башкы прокуратура  экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Покемондор тууралуу фильм чыкты
Покемондор тууралуу фильм чыкты
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды