Жээнбеков менен Бердымухаммедов жолугушту

Жээнбеков менен Бердымухаммедов жолугушту
23-Авг. 2018, Бейшемби, 11:40

Бүгүн, 23-августта, Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Көз карандысыздык аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Флагштокто Кыргызстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки президент Ардактуу кароол менен учурашты, кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.

Расмий жолугушуу аземинен, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчылары «Огузхан» атындагы Түркмөнстандын Президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу үчүн бет алышты.

Айта кетсек, бүгүн, 23-августта президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп барган. Мамлекет башчысын «Ашхабад» шаарындагы эл аралык аба майданынан Түркмөнстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышкан.

Мамлекеттик сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен болгон жолугушуусунда бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!