ДКО: төрт өлкөнүн президенттери катышат

ДКО: төрт өлкөнүн президенттери катышат
23-Авг. 2018, Бейшемби, 11:48

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине төрт өлкөнүн президенттери келээри белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев катышат. Ошондой эле чакыруу бир топ өлкөлөрдүн президенттерине жөнөтүлгөн. Алардын ичинен төрт мамлекет башчысы келээрин ырасташкан. Мындан сырткары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да келерин айткан.

Эске сала кетсек, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!