Кыргызстандын туристтик ураанын түзүүгө ачык сынак жарыяланды

Кыргызстандын туристтик ураанын түзүүгө ачык сынак жарыяланды
23-Авг. 2018, Бейшемби, 16:33

Кыргызстандын расмий туристтик урааны жок болгондугуна байланыштуу “Леман” швейцариялык финансылык тобуна кирген “Лием Ниет-Аракет” инвестициялык компаниясы ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.

“Туризм департаменти “Леман-ниет-аракет” жана Швецариялык Борбор Азия ишкердик кеңеши менен биргеликте туристтик ураанды ойлоп табуу боюнча ачык сынак жарыялап жатабыз. 90-жылдардан бери ар кандай туристтик ураандар колдонулуп келген. Кыргызстан - Тоолордун өлкөсү, Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун өлкөсү. ж.б. Дүйнөдө ар кайсы мамлекетте, ар кайсы өлкөнүн өзүнүн туристтик бренди, туристтик ураандары бар. Жогоруда айтылып кеткен компаниялар менен биргеликте жарыялангандыктан булардын колдоосу менен сынакка эң жакшы делген ураанга 5 миң доллар сыйлык ыйгарылат”, -деди ал.

Швейцариялык Орто Азиялык жумушчу кеңешинин аткаруучу төрагасы Валерий Тутыхин белгилегендей, катышуучуларга эч кандай чектөө жок жана сунушталган ураандар бардык тилде кабыл алынат.

- Биздин сынактын өзгөчөлүгү, швецариялык компания бөлгөн 5 миң доллар бөлгөн сыйлык эмес, биздин керемет өлкөгө белек катары берүү. Сунуштарды каалаган тилде берсе болот. Биздин эң негизги аудитория англис, немис тилинде сүйлөгөн элдер. Биз ар кайсы лингвисттер менен сүйлөшүп, бардык тилге которгонго аракет кылабыз. Бул ураандар Кыргыз Республикасын жарнамалоого гана колдонулат.

Сынак ачык жана калыс болуш атайын комисия тобу түзүлгөн. Ага КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, акын-драматург Султан Раев жана башка белгилүү адамдар кирген. Жеңүүчү 2019-жылдын 31-мартында интернет добуш жана комиссиянын чечимин эске алуу менен аныкталат. Толугураак малымат www.stan.kg сайтына жайгашкан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!