24-август: айрым жерлерде жаан жаайт

24-август: айрым жерлерде жаан жаайт
23-Авг. 2018, Бейшемби, 16:40

24-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Талас аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн : +8…+13, күндүз +20…+25;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градуска жетет.

Ал эми 25-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 26-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!