Жээнбеков жана Бердымухаммедов басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Жээнбеков жана Бердымухаммедов басма сөз үчүн билдирүү жасашты
23-Авг. 2018, Бейшемби, 17:07

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик визит менен Түркмөнстанда жүрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Тар жана кеңири курамдардагы сүйлөшүүлөр аяктаган соң мамлекеттер башчылары Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухаммедов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн Түркмөнстан Президентине жана жалпы түркмөн элине ыраазычылык билдирди.

«Бул менин Түркмөнстанга алгачкы визитим. Бүгүн биз эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулап, биздин мындан аркы кызматташтыктын багыттарын аныктадык. Бүгүн биз Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол койдук. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ачат», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын азыркы деңгээлине жогору баа беришкенин жана ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болгонун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосунда салт болуп калган өз ара ишенимдин жана ачык-айрымдуулуктун кырдаалында өткөн сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү жана мазмундуу мүнөзүн белгиледи.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн байланыштарын бекемдесек жана аларды бардык чөйрөлөрдө өнүктүрсөк деген биздин жалпы маанайды ырастады. Биз бардык багыттар боюнча — саясий, соода экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин дагы бийик деңгээлге көтөрөбүз», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдө биздин өнөктөштүккө, өлкөлөрүбүз ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Бул маселеде эки жылдык тыныгуудан кийин быйыл июль айында Ашхабад шаарында кайра иштей баштаган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясы маанилүү роль ойнойт. Алгачкы биргелешкен соода-инвестициялык сессия өттү.

«Транспорт тармагы, транспорттук-транзиттик дараметти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, айыл чарба жана өнөр жай продукциялары менен өз ара алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн региондорунун деңгээлинде өз ара аракеттенишүү биздин кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат, — деп баса белгиледи Жээнбеков. — Жолугушуулардын жүрүшүндө биздин өлкөлөр ортосундагы маданий, гуманитардык, билим берүү тармагындагы жана спорттук байланыштарды мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө жалпы макулдашууларга жетиштик».

Ал бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча эки тараптуу маанилүү документтердин чоң пакетине кол коюлганын белгиледи.

«Түркмөнстан биздин маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүбүз. 2017-жылы биз дипломатиялык байланыштарыбыздын орнотулушунун 25 жылдыгын белгиледик. Биздин Түркмөнстан менен байланыштарыбыз өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана өз ара кызматташуу принциптеринин негизинде динамикалуу өнүгүүдө. Бул эки өлкөнүн жана элдерибиздин кызыкчылыктарына дал келет», — деп баса белгиледи Жээнбеков жана эки тараптуу байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөөдө Түркмөнстан Президентинин жеке эмгегин өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы бир туугандык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Гурбангулы Бердымухаммедовго ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасына жооп иретинде визит менен келүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргыз элинин атынан бир тууган түркмөн элине тынчтык, бакубатчылык жана прогресс каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
АКШ космостон коргонот
АКШ космостон коргонот
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын өткөрүлөт"
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?