Айыл өкмөттүн кызматкерлери жалган маалымат жазып

Айыл өкмөттүн кызматкерлери жалган маалымат жазып
23-Авг. 2018, Бейшемби, 17:41

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ЭКККМКнын (Финансы полициясы) райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Сокулук районунун прокуратурасынын кызматкерлери менен бирге ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Сокулук айыл өкмөтүндөгү финансылык укук бузууларды аныкташкан. Тагыраагы, 2017-жылы Сокулук айыл өкмөтү асфальтобетондук жана кум-шагыл аралашмасы менен жолдордун үстүн жабып, оңдоо кызмат көрсөтүүлөрүнө тендер өткөргөн, анын натыйжасында “К.К.” ЖЧК менен жалпы суммасы 6 миллион 178 миң 600 сомго келишим түзүлгөн.

Бирок, Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына карабастан, өзүнө жана башка адамдарга пайда көрүү максатында документтин мазмунуна өзгөртүү киргизишкен, башкача айтканда, аткарылган иштерди кабыл алуу актысына жалган маалыматтарды жазып, 1 миллион сомдон көп суммадагы акча каражаттарын мыйзамсыз төлөшкөн.
Аудитордук корутундуга ылайык жолдордун жабдылышын өлчөгөндө көбөйтүлүп көрсөтүлгөн аянт 1580 чарчы метрди, ал эми асфальтобетондук аралашманын калыңдыгы 4 см (аткарылган иштерди кабыл алуу актысы 10 см) түздү.
Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 1 миллион 729 миң 400 сом болгон өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилди.
Бул факт боюнча Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-б. (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренесинин 2-б. (кызматтык жасалмачылык) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!