Жээнбеков Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө гүлчамбар койду

Жээнбеков Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө гүлчамбар койду
24-Авг. 2018, Жума, 10:20

Түркмөнстанга болгон мамлекеттик визиттин алкагында кечээ, 23-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы ошондой эле анын жанында жайгашкан мечитке кирип чыкты.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик Монументине гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду.

Визиттин программасына ылайык, Мамлекет башчысы Ашхабадда 2017-жылы өткөн жабык имараттагы Азия оюндарына карата 2015-жылы салынган Олипиадалык шаарчасын көрүп чыкты.

Визиттин соңунда Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Ашхабад текстиль комплекси менен таанышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!