Ички иштер органдары саптык кароодон өтүштү (фото)

Ички иштер органдары саптык кароодон өтүштү (фото)
24-Авг. 2018, Жума, 12:07

24-август күнү шаардын эски аянттындагы Өкмөт үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык- тескеме өтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда ИИОнун кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы, андан сырткары саптык даярдыгы, сырткы келбети текшерилген. 27-августтан баштап Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт.

Саптык кароо-тескемесин ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин, министрдин орун басарларынын, Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин, ИИОнун ардагерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Өздүк курамдын алдында сөз сүйлөп жатып, ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын алдында өлкөнүн ичиндеги тартипти камсыздоо жоопкерчилиги жаткандыгын белгиледи.

Аянтта салтанаттуу жүрүш менен ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын, атайын багыттагы полктун жоокерлери, Академиянын курсанттары, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ички иштер бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, кинологиялык бөлүмдүн кызматкерлери, атчан милициялар өтүштү. Андан соң, аянтта транспорттук каражаттар-кызматтык унаалары менен өз бөлүмдөрүнүн артынан айдап көрсөтүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!