Депутат менен кызматкер пара алып кармалды (видео)

Депутат менен кызматкер пара алып кармалды (видео)
24-Авг. 2018, Жума, 12:21

Жер маселелери боюнча адис жана жергиликтүү кеңештин депутаты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалыматтар боюнча, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (финансы полициясы) райондор аралык бөлүмүнө “М.К.” аттуу жаран Ош облусунун Ноокат районунун “Он-Эки-Бел” айылынын жер маселелери боюнча адистери жер участогун бергени үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатты опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренесинде (алдамчылык) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголуп, 17-августта козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан убакта жер маселелери боюнча адис “К.И.” жана жергиликтүү кеңештин депутаты “С.О.” кармалышты.
Азыркы убакта ЭККМКнын Тергөө башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!