ДКО: беш жүз ыктыярчы иш алып барат

ДКО: беш жүз ыктыярчы иш алып барат
24-Авг. 2018, Жума, 16:14

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 500дөн ашуун ыктыярчы иш алып барат. Бул туурасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктан билдиришти.

Айта кетсек, ыктыярчыларды тандоо үч этапта болгон. Кыргызстандын 24 жогорку окуу жайларынан катталган 3400 ыктыярчыдан 500дөн ашуун ыктыярчы тандалып алынды. Алардын ичинен дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 30 эл аралык ыктыярчылар, ошондой эле Кыргызстандын бардык региондорунан 80 өкүл бар.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө ыктыярчылар ДКОнун салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдери, спорттук, маданий иш-чаралар, массалык маалымат каражаттары менен иштөө өңдүү тогуз топко бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!