25-август: тоолуу райондордо жамгыр жаайт

25-август: тоолуу райондордо жамгыр жаайт
24-Авг. 2018, Жума, 16:47

25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Бакен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;

Талас аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн : +9…+14, күндүз +21…+26;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градуска жетет.

Ал эми 26-27-августтарда тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-августтарда Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!