Президент Аралды сактоо фондунун саммитине катышты

Президент Аралды сактоо фондунун саммитине катышты
24-Авг. 2018, Жума, 18:08

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо эл аралык фондунун саммитине ардактуу мейман катары катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары тар жана кеңири курамда жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуудан кийин мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты. Белгиленгендей, бүгүнкү саммит жалпы регионго тиешелүү проблемаларды чечүүдө Борбор Азиянын мамлекеттеринин биримдигин таасын көрсөттү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!