Кырчын жайлоосунда ичимдик сатууга тыюу салынды

Кырчын жайлоосунда ичимдик сатууга тыюу салынды
25-Авг. 2018, Ишемби, 10:39

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этонофестиваль өтө турган Кырчын капчыгайында алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынды, ар бир автоунаанын салону текшерилет. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев социалдык баракчасына маалымдады.

Анда: “Урматтуу достор! III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүп жаткан учурда Кырчын жайлоосуна конок катары же башка иштер менен келүүнү каалаган бардык жарандар! Темир жана Семенов айыл аймактарынын Жергиликтүү кеңешинин депутаттары тарабынан атайын токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык алкоголдук ичимдиктерди сатууга толугу менен тыюу салынат. Өз кезегинде биз жергиликтүү калкка маалымдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Аталган эреженин сакталышы үчүн ИИМдин Ысык-Көл облустук кызмакерлери, элдик ыктыярчылар менен биргеликте абалды көзөмөлгө алышат. Милиция кызматкерлери ар бир унааны текшеришет. Бардык келчү конокторду бул көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.

Биз Сиздер менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана жогорку деңгээлде өтүшүнө биргеликте аракеттенели” - деп кайрылган Иманалиев.

Айта кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну учурунда көчөдө туруп тамак сатууга тыюу салганын эскерткен. Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!